​Кыргызстандык бала россиялык “Лучше всех” шоусунда элди таң калтырды (Видео)

  • 5 лет мурун

Кыргызстандык Мухаммад Али Хасанакунов Максим Галкиндин “Лучше всех” шоусуна катышып, өзүнүн ийкемдүүлүгү менен элди таң калтырды.

Мухаммед Али 10 жашта, Оштун Кара-Суу районунун Таширов айылынан болот. Ал Жан-Клод Ван Даммдын чыныгы күйөрманы. Жөн эле күйөрман болбой, актёрдун бардык ыкмаларын үйрөнүп алган. Өзүнүн да каймана аты «Али Ван Дамм» экенин айткан.

Мындан сырткары, ал «Лучше всех» шоусуна катышуу үчүн атайын орус тилин да үйрөнгөнүн белгиледи.

Ал чимирилип, турникте бир колу менен түрдүү ыкмаларды жасап таң калтырган. Соңунда эки бутун жүк ташуучу унааларга таяп, Ван Дамм сыяктуу шпагатка отурган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты