Өкмөттүн отчету канааттандырарлык деп табылды

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш Өкмөттүн 2018-жылдагы отчётун 25-апрелде канааттандырарлык деп тапты.

Өкмөттүн 2018-жылга карата отчету эки күн, 24-25-апрелде каралды.

Ага 103 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди.

Өкмөттүн отчетуна Исхак Масалиев гана каршы добуш берди.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары добуш беришкен жок. Таблодо алар добуш берүүгө катышпаганы көрүндү.

Абылгазиевдин маалыматына караганда, өткөн жылы Кыргызстандын ички дүң продукциясы 3,5 пайызга өскөн.

Чет элдик түз инвестициялардын келиши 7,6% азайган.

Ал эми калктын Өкмөткө болгон ишеними 0,6% төмөндөгөн.

2018-жылы бюджеттин кирешеси – 135,4 млрд. сомду түзүп, 2017-жылга тартыштык 10,7 млрд. сомго азайган.Чыгаша 142,7 млрд. сом болгон.

Депутаттар талкуу учурунда Өкмөткө бир катар сын-пикирлерди, анын ичинде инвестициянын эң аз тартылганын, экспорттун көлөмү азайганын, Өкмөт ири долбоорлорду, реформаларды жасабай, креативдүү эмес, демилгелүү болбой жатканын ж.б. кемчил жактарды белгиледи.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты