Жээнчороев: «Аппараттагы кошоматчылыкты тыйыңыз, Мухаммедкалый Дүйшекеевич»

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 25-апрелде, Өкмөттүн жылдык отчетун талкуулоо учурунда парламент депутаты Мирлан Жээнчороев трасферт алуу боюнча айыл өкмөт арасына «Кочкорка» деп Кочкорду киргизип койгонуңар, аппараттагы Премьер-министрге кошоматчылык экенин билдирди.

—Кечээ Өкмөт 31 шаар жана айыл өкмөттөрүнө трансферттерди берүү боюнча токтом кабыл алды. Андагы айыл өкмөттөр арасына «Кочкорка» деп Кочкор айылы кирип калыптыр.

Бул мыйзамдын автору «Республика-Ата журт», биз Кочкорду ал тизмеге киргизген эмеспиз. Ал тизмеде өзүн камсыз кыла албаган айылдар кирген.

Аппарат кызматкерлеринин кошоматчылыгын токтотуңуз,- деди депутат Жээнчороев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты