​ЖК экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу эл аралык уюшкан кылмыш тобун түзгөн деп Казакстанда 10 жылга кесилди

  • 5 лет мурун

ЖК экс-депутаты Асылбек Дамирбек уулу эл аралык кылмыш тобун түзгөн деп Казакстанда 10 жылга кесилди

Казакстандын Алматы шаарынын район аралык соту Кыргызстандын мурдагы депутаты, контрабандага байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести.

Кыргызстандын Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган эки жараны — Уланбек Мурадилов 10 жылга, ал эми Чыңгыз Абакиров 8 жылга эркинен ажыратылды.

Уюшкан кылмыштуу топко казак тараптан жетекчилик кылган деп табылып, казак жараны Есбол Жапбасовго 14 жыл берилди

Ал эми төрт казак жараны үч жылга соттолду. Ошондой эле дагы төрт казакстандык беш жылга эркинен ажыратылып, сот залынан бошотулду.

Соттолуп жаткан 12 адамдын өкүмү окулуп жатканда андагы айыпталуучулдардын жакындары “Шерменде” деп кыйкырып, сотко нааразылык билдирди. Ушул маалда соттолуучулар да өз ара мушташа кетип, судья өкүм окууну жарым саатка токтотууга мажбур болду.

Казакстандын прокурорлору Асылбек уулу «депутаттык кызматын пайда табуу жана мыйзамсыз баюу максатында пайдаланып, эл аралык уюшкан кылмыш тобун түзгөн» жана «ал топту Кыргызстандан Казакстан менен Орусияга мыйзамсыз жол менен товар ташууга пайдаланган» деп эсептейт.

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын жетекчиси Алмазбек Батырбеков мурдагы кыргыз депутаты Дамирбек Асылбек уулуна карата Казакстандын Алматы шаарынын райондук соту чыгарган чечимге макул эмес. Эл өкүлүнүн айтымында, Асылбек уулунун күнөөсү далилденген жок.

«Жакындары жана юристтери менен кеңешип, чечимге каршы даттанууну ойлонуп жатабыз. Мындай чечимге өзү, жакындары, биз дагы макул эмеспиз. Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө ыкчам тартылган тасманы көргөнбүз. Анда эч кандай күнөөсү жок экени көрүнүп турат. Бул саясий чечим болуп калды окшойт», — деди Батырбеков «Азаттыкка»

Айта кетсек, өткөн жылы 15-16-февралда Казакстанда күч органдары Алматыда, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу кармалган. Аны менен кошо Кыргызстан жарандары – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган.

Булар контрабанда менен алектенишкен деп айып тагылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты