​Депутат Сулайманов: «Губернаторлорду жоюш керек»

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жоюш керек экенин бүгүн Өкмөттүн жылдык отчету каралып жатканда билдирди.

“Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ансыз деле эч нерсе чечпей калышты, аларды жоюш керек” деди Сулайманов.

Андан ары депутат “Президент Ошто жыйында сүйлөп жатса, аткаминерлер уктап отурушканын көрдүк. Алардын арасында эки губернатор да бар. Ушундай өкүлдөрдүн кимге кереги бар” деп жергиликтүү органдарды реформалоо качан башталарына кызыкты.

Премьер-министр Абылгазиев жергиликтүү бийлик органдарында айрым түзүмдөр ашыкча болуп жатканын моюнга алды.

«Балким айыл өкмөттөрүн бириктирип, райондорду эле калтырсак кантет? Ушул сындуу бир катар сунуштамалар бар. Юул маселе боюнча мекемелер аралык комиссия иштеп жатат, аны кылдат иликтеп чыгып, ошого жараша сиздер чечебиз», — деди Өкмөт башчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты