Индонезия: Шайлоодо чарчап-чаалыккан 100 дөй киши каза болду

  • 5 лет мурун

Индонезияда шайлоодон кийин шайлоо комиссиясынын кеминде 92 мүчөсү каза болуп, 374ү ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу жергиликтүү Antara маалымат агенттигине шилтеме берип, Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Мындан тышкары өлкө полициясы 15 кызматкери мерт болгонун билдирген.

Индонезия БШК төрагасы Ариф Будимандын айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн иш күнү бир суткадан ашык созулган.

Буга байланыштуу алардын айрымдары чарчап-чаалыгуудан улам каза болгон. Полиция кызматкерлери болсо катуу чарчагандыктан жана ага байланышуу келип чыккан жол кырсыктарынан мерт болушкан.

17-апрелде өткөн Индонезиядагы бул шайлоолор акыркы кездердеги дүйнөдөгү эң масштабдуу шайлоо болуп калды.

Анда өлкө жарандары президенттен тышкары, парламенттин эки палатасынын депутаттарын жана аймактар менен округдардын мыйзам чыгаруу органдарынын мүчөлөрүн тандашты.

Жалпы өлкө боюнча 800 миңден ашык шайлоо участогу ачылып, добуш берүү укугуна ээ 192 миллион адамдын 80% шайлоого катышты.

БШК төрагасы Будиман компенсация катары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 16-36 миллион рупийден (72-163 миң сом) төлөп берүүнү сунуштады. Ошондой эле ал мындан кийин шайлоо комиссияларынын иши жеңилдетиле тургандыгын убадалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты