Депутат Аманкулов тышкы карыздар көйгөйүн көтөрдү

  • 5 лет мурун

Жогорку Кеңеш жыйынында Өкмөттүн өткөн жылдагы отчетун уккандан кийин депутат Марат Аманкулов тышкы карыздарды төлөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кызыкты.

Марат Аманкулов мындай деп Өкмөт башчыга кайрылды:

—Биз азыр Өкмөттүн отчетун уктук. Сиздин баяныңызга караганда бир катар оң натыйжалар бар экен.
Бирок менин сурайын дегеним 4 млрд долларга жакын тышкы карыз тууралуу.

Тышкы карыздардын дээрлик 70 пайызын биз жол курулушуна, чыгашалуу энерго секторго, айыл чарбасына алып жатабыз. Бул абалдан кантип чыгабыз, балким тышкы карыздардын экономикалык натыйжалуулугун карай турган мезгил келгендир, — деп суроо салды.

Абылгазиев депутат Аманкуловго мындайча жооп узатып, Өкмөттүн негизги көйгөйүнүн бири да тышкы карыз болуп жатканын билдирди:

Тышкы карыз, 3,8 млрд, тышкы карыздарды төлөөнун жогорку чеги 2025-жылга туура келээрин, 2025-жылы 400 млн доллар каражатт, өлкөнүн бюджетинен да көп карызды төлөөгө туура келээрин билдирди.

Бул үчүн жумушчу орундарын көбөйтүү, Жерүй, Кичи Чаарат кендерин иштетүү, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, бир катар өндүрүштү ишке киргизүү, карыздарды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу ж.б. иш-чаралар зарыл экенин айтты.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты