Түркмөнстандын айрым жерлеринде кайрадан ун тартыштыгы пайда болду

  • 5 лет мурун

Түркмөнстандын Мары облусунун айрым райондорунда кайрадан ун тартыш болууда.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда акыркы бир нече жумадан бери аталган облустагы айрым мамлекеттик дүкөндөрдө ун сатылбай калды.

«Райондордо кайрадан ун таптакыр жок калды. Серхатабат районундагы Имамбаба жана Каракол айылдарында бир нече жумадан бери ун тартыш болууда. Адамдар эмне кыларын билбей калышты», — деп билдирди басылманын аймактагы кабарчысы.

Маалыматка караганда, апрелде берилиши керек болгон ундун нормасы эми июнда, буудайдын жаңы түшүмү жыйнала баштаганда берилет.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өкмөттөгү өз булактары билдиргендей, бул жолку ун тартыштыгы Түркмөнстандын коңшу Ооганстандагы селде жабыркаган адамдарга гуманитардык жардам жөнөтүп жатканына байланыштуу.

«Азык-түлүктүн, анын ичинде ундун ири көлөмү гуманитардык жардам катары же өтө төмөнкү баада Ооганстанга жеткирилип жатат. Буга чейин мындай жардамдар мамлекеттик резервдин запастарынан алынчу, азыр болсо калкка берилиши керек болгон азык-түлүк кетип жатат», — деди өлкөнүн Коргоо министрлигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты