​Тогуз санын кимдер тумар тутат?

Бүгүн—2019-жылдын 19-апрели. Мындагы датада тогуз катышкан сандар бар. Ошондон улам тогуз санын кимдер тумар тутат деген ой келди.

Нумерология түшүнүгүндө тогуз саны менен эски циклдин аякташы, жаңынын башталышы байланыштуу болот экен.

Мифтерде жаркыраган тогуз жылдыз, тогуз муза, Атлантидада тогуз падышалык, тозоктун тогуз оту, асмандын тогуз катмары делсе, турмушта тогузунчу вал—ири толкун, тогуздап калың берүү ж.б. кездешсе, унаага, үйгө, телефонго номур алганда да чылгый тогуздаган санды чоң акчанын көзүнө карабай сатып алышат эмеспи.

Жыл, ай числосу чылгый тогуз санына туш келген учурларла үйлөнүү үлпөттөрү адатта арбын.

Ал эми тарыхый кайсы бир инсандар менен тогуз катышкан сандар байланыштуу болорун байкоого болот.

Алсак, кечээ жакында мамлекет башчылыгын тапшырган Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевди алалы.

Ал 2019-жылдын 9-мартында саат 19 да, 79 жаш курагында, 19 жыл туруп, бийликтен кеткенин жарыя кылды.

Ал эми анын ордуна келген Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдын 9-апрелинде калкка кайрылуу жасап, 2019-жылдын 9-июнунда Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болорун билдирди.

Назарбаевдин аты да, фамилиясы да тогуз тамгадан турат.

Анын атынан коюлган Казакстандын борбору эми Нур-Султанда тогуз тамга бар. Казакстан деген сөз да тогуз тамгадан куралган.

Жакында Назарбаевди ЕАЭСтин ардактуу төрагасы кылып дайындашат деген кабар чыкты. Андагы жыйын Казакстанда 29-майда өтөөрү айтылды. Мындагы датада да тогуз саны аралашат.

Назарбаевдин өмүр баянын окусак, ал бийликке 1989-жылы келген. 1990-жылы Казакстандын президенти болуп шайланган. Бийликте 2019-жылга чейин турду.

Ысык-Көлдүк сүрөтчү Кадыр Мусаев “Миң сан” аттуу китепти окуп чыккандан кийин сандар илимине кызыгып калганын айтты эле.

Мусаевдин айтуусу боюнча Назарбаевге жалаң 9 деген сан түшөт. Сүрөтчү табияттын жазуусу бар таштарды чогултуп жүрүп, акырында чогуу коюлгандагы композиция “Назарбаев” деп жазылып калган. Сүрөтчү менен биз жолуккандан 9 жыл мурун анын эмгеги жаралган, бул идея ага 1998-жылы келген.

Эмгек 2007 –жылы бүткөн, бул эки санды кошсо да 9 саны келип чыгат. Өзү ошол композициясын алып, Казакстанга 9-числодо, 9-айда жол тартканын айтат.

Бул таштарды Казакстанга алып бара жатканда 9-поезддин 9-вагонунда олтурган. Бир гана купе 17- болуп калган. Бирок бир кемпир поездге кечигип келип, 18- купесин Кадырбек Мусаевге алмаштырып берген. Бул эки санды кошсо дагы 9 саны чыгат. Купесин алмаштырган кемпир 90 жашта экен.

Бул мисалдар жөн гана дал келүүбү же адамдар атайылап ал санды тумар тутуп, ага туштап даярдаган нерсеби? Айтор, турмушта ушундай кызыктар да болот тура.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты