​Каналга түшүп кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды

Жаңылыктар

Бүгүн, 19-апрелде, каналга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды.

Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бүгүн саат 12:15 те 2014-жылы туулган Б.Б. нын сөөгү Чүй дарыя жээгинен, Аламүдүн районунун Бирлик жана Гроздь айылдарынын чектешкен жеринен табылды.

Айта кетсек, беш жашар бала 11-апрелде каналга түшүп кетип, ошондон бери аны издеп жатышкан.

Баланын сөөгүн суучулдар тапты.

ӨКМ баланын жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөрүн билдирди.

ЖаңылыктарАт-Башы каналыбеш жашарчөгүүсөөгүӨзгөчө кырдаалдар министрлиги