​Таласта Аскер комиссары пара опуза менен кармалды

  • 5 лет мурун

Талас шаарынын Аскер комиссариатынын башчысы, ички кызматтын полковниги Ж.А, пара менен кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМК Коррупциялык кызматы 15-апрелде Талас шаардык аскер комиссариатынын башчысы, 1967-жылы туулган, ички кызматтын полковниги Ж.А. 20 миң сом алып жатканда кармалды.

Кармалган киши аскер милдетин аткаруудан баш тартууүчүн кылмыш жоопкерчилигине коркунуч үчүн жана мурда алынган паспорт ээсинин арызын кайтаруу үчүн жергиликтүү тургундан 25 миң сом талап кылган.

Ал иш Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ал УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты