​Агрардык окуу жайдын жерин тартып алган компаниянын жетекчиси эки сержантка ок атып, бирөө каза болгон

Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономия жана токой-чарба факультетинин коллекциялык питомнигинин бир бөлүгү мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткендиги тууралуу маалымат факультеттин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган.

Эс алуу күндөрү питомникте бир нече баланын тосмо коюп жаткандагы видеосу бар.

Ал жер кимге тиешелүү жана кандайча жеке колдорго өтүп кеткендигин иликтеп көрдүк.

Кызыл китепке кирчү өсүмдүктөр бар

Аталган питомник студенттердин практикалык иштери үчүн курулган. Ал жерде кызыл китепке кирген өсүмдүктөр бар экенин декан Күмүшбек Мамбетов кошумчалады:

​Агрардык окуу жайдын жерин тартып алган компаниянын жетекчиси эки сержантка ок атып, бирөө каза болгон

“Студенттер лекцияларды интернеттен деле таап окуп алышса болот,бирок практика жүзүндө көрүп, үйрөнбөсө, жакшы адис чыкпайт. Биздин факультет үчүн бул аябай маанилүү участок.

Ошондуктан, биз дагы өзүбүздүн таламыбызды талашып жатабыз. Мэриянын өкүлү келип, “бул келишимди жокко чыгарууга аракет кылабыз” деди.

Ал кишиге башка жерден деле жер берилсе болот да. Жерди алган бала дагы бизди чакырып, актынын негизинде чек арага тосмо коюшу керек эле. Ал болсо эс алуу күндөрү, эч ким жокто30-40 баланы алып келип, тосмо коюп жатат»,-дейт декан.

24 сотых жер муниципалдык менчикке өтүп кеткен

Агрономия жана токой-чарба факультетинин деканы Күмүшбек Мамбетовдун айтымында, бул жерге Агрардык университеттин мурдагы ректору туура эмес келишимге кол коюшу менен муниципалдык менчикке өтүп кеткен:

—Бул жер—Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин агрономия жана токой-чарба факультетинин коллекциялык питомниги.

Ал 1963-жылдан бери биздин факультеттин карамагында болчу. 2015-жылы “Мурдагы ректор окумуштуулар кеңешинин чечимисиз чек аралардын келишимине кол коюп коюптур” деген маалыматты алдык. Ал киши каза болуп калган.

Ошонун негизинде питомниктин бир бөлүгү, 24 сотых жер муниципалдык менчикке өтүп кеткен. Биз аны билген эмеспиз.

2016-жылы жерди алган киши “Ал жерди мен алам” деп баштаганда гана билдик, — деди декан Күмүшбек Мамбетов.

Ошондон баштап университет Бишкек шаарынын мэриясына, прокуратурага, УКМКга кайрылып жатышат.

Алардан жооп болбогондон кийин Премьер-министр менен Президентке дагы жазышкан.

Жерди алган Салыкбаев Урмат аттуу жаран менен мэриянын ортосундагы келишимди жокко чыгаруу боюнча прокуратуранын чечими бар.

Жерди аукциондон жеңип алган

Аталган питомниктин бир бөлүгүн 5 жылга ижарага алган Урмат Салыкбаев аталган жерди мэрия тарабынан уюштурулган аукциондон жеңип алганын билдирди.


​Агрардык окуу жайдын жерин тартып алган компаниянын жетекчиси эки сержантка ок атып, бирөө каза болгон

—Ал жерди мен Бишкек шаарынын мэриясынан аукцион аркылуу утуп алып, 5 жылга ижарага алуу боюнча келишим түзгөнбүз. Ал жерде бала бакча курулат. Аукцион 2016-жылы уюштурулган.

Прокуратура жер ресурстарын башкаруу башкармалыгына келишимди жокко чыгаруу боюнча чечимин бериптир. Анткени, жер эки жылдан бери пайдаланылган эмес.Ага даттанууга аракет кылам. Мен ал жерге кире албай жатсам, кантип пайдаланмак элем.

Жогорку соттун дагы аталган жер мага берилсин деген чечими бар. Беш жыл мөөнөтү аяктагандан кийин аны кайра узартабыз, анткени, келишимде “ушундай эле келишим кайра беш жылга узартылат” деп жазылган.

Аталган келишимди биз мэрия менен түзгөнбүз.

Жер муниципалдык менчикке өткөн

Бишкек шаардык Архитектура башкы башкармалыгы билдиргендей, бул жер университеттин территориясынан чыгып кеткендиктен муниципалдык менчикке өткөрүлгөн.

1963-жылыКыргыз ССРинин элдик депутаттар кеңешинин чечими менен Скрябин атындагы айыл чарба институтуна окуу-лабораториялык корпус үчүн деп жер бөлүнүп берилген.

Кийин институт университетке өзгөртүлгөн. Кыргыз улуттук агрардык университеттин өтүнүчү менен Медеров көчөсүндөгү жер университеттин колдонуусуна калтырылган.

Схеманы изилдөөдө коллекциялык питомниктин бөлүгү окуу жайдын чегинен чыгып кеткендиктен, муниципалдык менчик экени аныкталган.

Ошонун негизинде мэрияга караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын өтүнүчү менен 0,2574 га жер «Байсуу строй» ЖЧКсына бала бакча куруу үчүн 2022-жылга чейин ижарага берилген.

Экс-мэр Арстанбек Ногоев ижарага берген

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун жардамчысы Гуля Алмамбетованын билдирүүсүнө ылайык, Бишкек шаарынын экс-мэри Арстанбек Ногоев ал жерди ижарага берип койгон:


​Агрардык окуу жайдын жерин тартып алган компаниянын жетекчиси эки сержантка ок атып, бирөө каза болгон

Ал жерди 2006-жылы Арстанбек Ногоев ижарага берип койгон. Учурда мэр Азиз Суракматовдун демилгеси менен мурунку жылдары берилип кеткен жерлерди кайра мэрияга кайтарууга аракеттер жүрүп жатат.

Прокуратура менен тыгыз иштеп, ал жерди дагы мыйзам чегинде кайра кайтарууга аракет кылып жатабыз

«Мэриянын ал жерди ижарага берүүгө укугу жок»

“Наше право” коомдук фондунун жетекчиси, укук коргоочу Калича Умуралиеванын айтымында, мэриянын аталган жерди ижарага бергенге укугу жок.

—Менин колумда документтер жок, бирок, Фейсбукта балдардын жазганы боюнча бул мыйзамсыз берилген.

Себеби бул— Кыргыз улуттук агрардык университети, демек, университеттин имараты, территориясы мамлекеттин менчиги. Мамлекеттин менчигин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тейлейт.

Ал эми мэрия кыпчылып, өзүнүн токтомдорун чыгарып жатат. Мэрия өзүнүн менчигин берсе болот, бирок, мамлекеттик менчигин бере албайт.

Бул мисалда ботаникалык бакка окшош абал болуп жатат. Ал дагы мамлекеттик менчик, бирок, директор меморандум чыгарып жатат, а мэрия жерди алып жатат.

Бул жерде деле мэрия эмне себептен жерди алды деп суроо салууга болот. Алардын менчигиби? Жок. Ошондуктан, бул иште баары мыйзамсыз болуп жатат.

Окуу жайдын ректору мамлекеттик мүлктү башкара албайт.

Бакча салып аткан компаниянын чуулуу жетекчиси

Жерди алган Урмат Салыкбаев менен чогуу «Байсуу Строй» компаниясы бала бакча салганы турат. Бул компанияны ачык маалыматтардан карап көргөнүбүздө жетекчиси Аскар Мейкин уулу аттуу жаран болуп чыкты. Негиздөөчүлөрүнүн катарында Аскар Мейкин уулун, жерди алган урмат Салыкбаевди, гулмира мусаева деген жаранды көрүүгө болот.

​Агрардык окуу жайдын жерин тартып алган компаниянын жетекчиси эки сержантка ок атып, бирөө каза болгон

Компаниянын жетекчиси Мейкин уулу Аскар Улуттук Гвардиянын “Пантера” атайын кызматында кызмат өтөп жатканда, караулга чыккан эки сержантка ок атканы белгилүү. Бул окуяда жарат алгандардын бирөөсү каза болгон. Аталган иш боюнча аскер прокуратурасы Кылмыш жана жаза кодексинин №97, 304, 305 жана 316 беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, аскер соту Мейкин уулун Аскарды үй камагына чыгарган. Окуянын күбөлөрүнүн биринин айтымында, ок аткан бала мас абалында болгон. Бул кылмыш иши андан ары эмне болуп бүткөнү боюнча маалымат алууга мүмкүн болгон жок.Компаниянын көрсөтүлгөн номерлерине телефон чалганыбызда Аскар Мейкин уулунун бир тууганы Нурсултан Мейкин уулу телефонго жооп берип “Ошол окуядан кийин агам өзүнө келе албай жүрөт, журналисттерге маек бербейт” деп жооп берди.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты