​Абылгазиев Мэн Фанчунь менен “Кыргызстан-Кытай” газ түтүгү маселесин талкуулады

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «SINO-Pipeline International Company Limited» башкы директору Мэн Фанчунь менен жолугушту.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Анда «Кыргызстан-Кытай» газ түтүгүнүн курулуш долбооруна тийиштүү маселелерм талкууланды.

Аталган долбоор.»Борбор Азия-Кытай» магистралдык газ түтүгүнүн составдык бөлүгү катары саналат.

Кыргызстан аймагы боюнча өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 км. Долбоордук өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 млрд. куб метр газды түзөт.

Кыргызстан боюнча газ түтүгү Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондору аркылуу өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты