​Бишкекте улуттук стилдеги металл тосмо орнотулууда

Жаңылыктар

Борбор шаарда улуттук стилдеги металл тосмо орнотулул жатат.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Тосмо Чүй жана Манас проспект кесилиштеринде, жертөлөдө төрт жагынан коюлат.

Бардык ишти “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери өз колдору менен жасап жатат.

Бардык жумуштар аягына чыкканда тосмолор жарык да чачып турмакчы.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматыныкы.

ЖаңылыктарБишкекмэрия"Тазалык"тосмо