«Коммерсант»: Назарбаевди ЕАЭБдин ардактуу төрагасы кылып дайындашат

  • 5 лет мурун


29-майда Нур-Султанда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.

Ага Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Армениянын президенттери катышат.

«Коммерсант» гезити кабарлагандай, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев үчүн атайын түзүлгөн жаңы кызмат көңүл чордонунда болот.

Казакстандын экс-президенти Назарбаев Евразиялык экономикалык кеңештин ардактуу төрагасы болору жана ЕАЭБди башка өлкөлөргө таанытуу иштерин алып барары кабарланууда.

2016-жылы биринчи жолу Назарбаевдин ден соолугу тууралуу расмий маалымат жарыяланып, оорусуна байланыштуу Арменияга сапарын токтотууга туура келген.

Мындан кийин ал президенттин айрым ыйгарым укуктарын парламентке жана өкмөткө өткөрүп берген. Улуу кызы Дариганы сенаттын депутаты кылып дайындаган.

79 жаштагы Назарбаев бийликтеги «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин да билдирген.

Бул орган улуттук коопсуздукту, ички саясий стабилдүүлүктү камсыздоо, конституциялык түзүлүштү, көз карандысыздыкты коргоо максатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү координациялап турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты