​Саламаттык сактоо тармагына жылына 20 млрд сом бөлүнөт

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Абылгазиев Чукул медицина борборунун башкаруу системасынын иши менен таанышуу учурунда медицина тармагына жылына 20 млрд сомдой бөлүнүп турарын айтты.

«Жыл сайын саламаттык сактоого 20 миллиард сомдун тегерегинде бөлүнөт. 2018-жылы биз бир катар жаңы ооруканаларды ачтык, анын ичинде тышкы жардам аркылуу”.

Чукул медицина борборунун директору Искендер Шаяхметов тез жардам кызматы тууралуу маалымат берди.

Ал эми бөлүм башчы Егор Борисов тиешелүү жабдуулар сатып алынганын айтты:

«Чакыруу түшкөндө биз онлайн-режиминде тез жардам бригадалары жүргөн жерди аныктап жана чакыруунун жайгашкан дарегине кыйла жакын жана бош бригаданы жөнөтөбүз.
Бул үчүн тиешелүү техникалык жабдуулар сатылып алынган жана диспетчердик бөлүм оңдолду», — деди бөлүм башчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты