Украинада террорго шектүүлөрдөн Кыргызстан паспорттору чыкты

  • 5 лет мурун

Украинада террорго шектүү катары кармалгандардын экөөнөн Кыргызстандын паспорттору табылды.

Маалыматтарга таянып, Борбор Азия жаңылыктар кызматы бул тууралуу кабарлады.

Украина коопсуздук кызматы өлкө аймагында террордук чабуул уюштурмакчы болгон жети кишини кармаганын 17-апрелде билдирди.

Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак кармалгандардын бири 1978-жылы туулган Орусиянын жараны Алексей Комаричев, экинчиси 1988-жылы туулган Тимур Дзортов экенин айтты.

Генерал Грицак аталган экөөнүн жанынан башка аты-жөндөр жазылган Кыргызстандын паспорттору табылганын билдирди.

Украинанын атайын кызматынын расмий сайтына ал документтердин сүрөтү чыгарылды:

*Биринчисинде паспорт 1983-жылы туулган Ломако Алексейге (Комаричев) 2015-жылдын 29-октябрында берилгени көрсөтүлгөн.

*Экинчисинде 1990-жылы туулган Кирик Русланга (Дзортов) 2016-жылдын 17-ноябрында берилгени көрсөтүлгөн.

Сурак учурунда тартылган видеодо шектүү Тимур Дзортов ал паспорттордун чоо-жайына кыскача токтолду:

«Документтер бизге Москвада, Тадж-Махал ресторанында берилген. Документ Кыргызстандын жараныныкы, паспорттогу сүрөт меники. Бирок мен Кыргызстандын эмес, Орусиянын жаранымын. Документтер калкалануу үчүн колдонулган».

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинен консул Азамат Кабаев паспорттор Кыргызстандан берилген эмес деп жатат:

«Биз адамдын персоналдык номери жана ошол паспорттун сериялык номери менен автоматташтырылган система аркылуу текшергенде бизде андай паспорттор берилбегендиги аныкталган. Бул кыргыз паспорттору эмес, жасалма деп эсептелет. Биз бул тууралуу украин тарапка маалымат бергенбиз», — деди консул.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты