​Шыкмаматов: “Текебаевдин ишиндеги жаңы жагдайларга Прокуратура көңүл бурбай жатат”

“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов кечээ, 17-апрелде, Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отчету учурунда Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча билдирүү жасады.

Ал билдирүүсүндө мындай деди:

Саясий буюртма менен камалган

—Атамбаевдин сот реформасын талкалаганын айтып чыкканы, прокурорлорду кол баласындай кылып, жан сакчыларын УКМК, ИИМге алып келгенин айтканы, өзүм билемдик саясатын жүргүзүп жатканын сындаганы үчүн, импичмент маселесин көтөрүп чыгам дегени үчүн камалганын баарыбыз эле билебиз.

Текебаевдин ишинде беш негизги жаңы жагдайлар бар экенин көргөзүп, Башкы прокуратурага ишти кайра кароону суранып кайрылганбыз.

Убагында сот аларга маани берген эмес. Эми ошол жаңы жагдайлар боюнча Башкы прокуратура уккусу келбей, көргүсү келбей жатат..

Сегиз жылга кесип жиберишти

—Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновго “Леонид Маевскийге ““Мегакомдун” 49 пайызын сатабыз деп миллион доллар алышкан” деп айып коюлду.

Мындай айып жалган экендигин 60 тан ашык документ, экс-президент Роза Отунбаева баш болгон адамдар, экс-премьер-министрлер, Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, депутаттар, коомдук, саясий ишмерлер, генералдар жана башка 50дөн ашык адам күбө болуп, көрсөтмө берген.

Бирок ага карабай, жападан-жалгыз Маевскийдин, эл аралык деңгээлдеги аферисттин, жуликтин сөзүнө ишенип, кыргыз сотунун үч инстанциясы тең Текебаев менен Чотоновду соттоп, 8 жылга кесип жиберишти.

Мамлекеттик укукту башкаруу укугу болгон эмес

—Текебаевде Конституциялык Кеӊешменин ишин уюштуруу милдети гана болгон. Чотонов өзгөчө кырдаалдар боюнча министр болгон. Мамлекеттик мүлктү башкаруу, приватташтыруу укуктары Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары Атамбаевде болгон.

Экинчи белгиси, чиновник өз бийлигинин чегинде кандайдыр бир иш-аракет кылыш керек. Текебаев менен Чотонов же башка бирөө ошол жылы “Мегакомду” приватташтыруу боюнча эч бир аракет жасаган эмес. Кагаз жүзүндө да, оозеки да. Андай демилге менен 2011-жылы апрель айында премьер-министр Атамбаев чыккан.

Сот Текебаев менен Чотонов эч кимге – мамлекетке да, адамдарга да, ошонун ичинде Маевскийге да бир тыйын зыян келтирген эмес деп тапты.

Акча жөнүндө

—Маевский Москвадагы БТБ-24 банкындагы өз эсебинен 2010-жылдын июнь айынын аягында 300 миң доллар нак алып, аны өзүнүн коопсуздук кызматынын жетекчиси Сергей Кутуковго бергенин айткан.

А Кутуков “ал акчаны Бишкекке алып келип, “Хаят” мейманканасында Модинге бергем” деп айткан.

БТБ банкынын выпискасында Маевский июнь айында эле эмес, июль айында да нак акча албагандыгы көргөзүлүп турат. Сергей Кутуков ФСБнын капитанына берген көрсөтмөсүндө да “июнда дагы, июлда дагы Кыргызстанга келген эмесмин. Акча жөнүндө уккан да эмесмин, көргөн да эмесмин” деп көрсөтмө берген.

Маевскийдин көрсөтмөлөрү да абсурд


— “Манас” аэропортунун берген “пассажирдик манифест” деген документинде Сергей Кутуков июнь айында Кыргызстанга учуп келбегендигин тастыктап көргөзгөн. Демек, “300 миң долларды Текебаевге бергем” деген адам жок.

А Модин “300 миң долларды Текебаевге бергем деп эч ким айткан эмес, Маевскийдин сөзүнөн улам мен ошондой ойлойм” деп тергөөдө да, сотто да көрсөтмө берген.

Эми 500 миң доллар боюнча Маевскийдин көрсөтмөлөрү мындан да абсурд, мындан да күлкүлүү. Маевский 2010-жылдын сентябрь айында БТБ-24 банкынан 500 миң доллар алып, аты-жөнүн билбеген белгисиз адамдан “Текебаевге берип кой” деп берип жибергем, ал адамдын паспортун көргөн жокмун, атын сураган жокмун, качан, кайсыл өлкөгө, Москванын кайсыл аэропортунан учуп кеткенин дагы билбейм” деп көрсөтмө берген.

Сот Маевский менен Модиндин көрсөтмөлөрүн жетиштүу деп тапкан

—Кыргызстандын Бажы кызматы “Модиндин да, Маевский, Кутуковдун да 2010-жылы мындай чоң акча Кыргызстага алып келгендиги жөнүндө маалымат кыргыз бажысында жок” деген көрсөтмө берген.

Ошого карабай, сот Маевский менен Модиндин көрсөтмөлөрүн жетиштүү деп тапкан.

Урматтуу Башкы прокурор, Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары 2018-жылдын май айында жаңы ачылган 5 жагдай менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Башкы прокуратуранын жообу сабатсыз, өзүм билемдик менен түзүлгөн. Мисал келтирейин: Маевский Текебаев менен Өкмөт үйүндө жолуктум деген 306-кабинет Атамбаевдики болуп чыкты.

Жаңы жагдайлар

—Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин, иш башкармалыктын башчысы Т.Коеналиев расмий кат менен бул жагдайды тастыктады.

“Кыргызаэронавигациянын” жетекчиси “2010-жылы 13-майда Бишкектен Ошко саат 17:21де аскер вертолету учкан” деп тастыктаган расмий кат берди. Ошол вертолет менен Чотонов жана башка аскер адамдары Түштүктөгү контрреволюцияны басыш үчүн учуп кетишкен.

Маевский менен Модин “Текебаев, Чотонов болуп, кечке маал “Супара” ресторанынан жолукканбыз” дейт. Чотонов Ошко учуп кеткен болсо, анын учуп кеткенин ондогон күбөлөр, аны Оштон тосуп алган ондогон күбөлөр көрсөтмө берип тастыкташкан болсо, Чотонов кантип кечинде Бишкекте жолугууда болушу мүмкүн?

А Башкы прокуратура эмне дейт, “ал убакта ар 40 мүнөт сайын Ошко вертолеттор учуп турган. Балким, Чотонов “Супарадагы” жолугушуудан кийин учуп кетсе керек” деп божомол кылат.

Расмий документте “ошол күнү саат 17:21 убактысында гана вертолет учкан, башка учкан эмес” деп турса дагы, бет тырмаарлык кылып жатышат. Эч кандай далил келтирбейт, эч кандай документ көргөзбөйт, жөн эле божомол. Бул шалаакылык эмес, кылмыш.

Ал кезде парламент жок болсо, Убактылуу Өкмөттүн вицелери бөлүшкөн ыйгарым укуктарга ылайык, Текебаев Конституция жазган гана бийликке ээ болуп, ал эми чарбалык иштер, экономика, приватизация маселелерин Атамбаев көзөмөлдөгөн.

Демек, шайкеш келишип жатпайбы. Модин келип, Атамбаевге жолуккам деп жатса, Атамбаев “Мегакомду” сатуу структурасын көзөмөлдөп жатса, Текебаев пара алмак беле? Бул логикага да туура келбейт.

Урматтуу Башкы прокурор, албетте, бул обу жок, сабатсыз жоопту сиздин кол алдыңызда иштегендер жазып, орун басарыңыз кол койгон. Сиз бул жагдайларды кайра карап чыгып, мыйзамдуу жана адилеттүү чечим кабыл аласыз деп ишенебиз, — деди Алмамбет Шыкмаматов 17-апрелдеги жыйында.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты