​Германия Кыргызстанда оорукана курууга 21 млн евро грант бөлөт

Жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга сапарында бир катар документтерге кол коюлду.


Алсак, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жалпы суммасы 21 млн еврону түзгөн 3 макулдашууга кол койду. Анын ичинен:

1. 13 млн еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана;

2. 6 млн еврого Таласта перинаталдык оорукана курулат.

3. 2 млн евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканасына бөлүнөт.


Министр белгилегендей, Германия бул каражаттарды грант катары бөлдү.


ЖаңылыктарГерманияСооронбай ЖээнбековБактыгүл Жээнбаевагрантоорукана