Петербург метро теракты боюнча кыргызстандык жаран изделүүдө

  • 5 лет мурун

Москванын Басман соту 16-апрелде Кыргызстандын жараны Исламбек Тургуновду камоо боюнча сыртынан санкция салды.

“Интерфакс” кабарлагандай, ал Петербург метросундагы терактка шектелгендердин бири.

Тургуновго “Террордук уюмга катышуу” беренеси боюнча айып тагылды. Ал эл аралык издөөгө алынды.

2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда жардыруу болгон, андан 16 киши каза таап, жүздөй киши жабыркаган.

Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Акбаржон Жалилов жардырганын Орусиянын укук коргоо органдары билдирип, Борбор Азиядан барган он чакты кишини кармаган.

ТАСС агенттиги жазгандай, Акбар Азимов «чабуулду уюштурган», калган 10 киши «ага көмөктөшкөн» деп табылган.

Аларга «террордук топко мүчө болгон жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жасап саткан» деген айып коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты