Нотр-Дам чиркөөсүн калыбына келтирүүгө Бернар Арнонун үй-бүлөсү 200 млн евро берет

  • 5 лет мурун

Франция президенти Эммануэль Макрон НотрДам чиркөөсүн калыбына келтирүү үчүн жалпы улуттук акча каражатын топтоону жарыялады.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Француз бизнесмен Франсуа-Анри Пинонун үй-бүлөсү 100 миллион евро которууну убада кылды.

Ал эми франциялык «Louis Vuitton» компаниясы жана анын президенти Бернар Арно үй-бүлөсү менен чиркөөнү оңдоп-түзөөгө 200 миллион евро бере турганын кабарлады.

Франция тарыхында жалпы улуттук каражат чогултуу өзгөчө чукул кырдаалдарда, анын ичинде Биринчи дүйнөлүк согуш маалында жарыяланган.

Француз басылмалары Нотр-Дам-де-Паринин интерьери жана маданий мурастарынын басымдуу бөлүгү сакталып калганын кабарлашууда.

850 жылдык тарыхы бар Париждин Нотр-Дам чиркөөнүн кыл чокусу жана чатыры 15-апрелдин кечинде башталган өрттөн урап түшкөн.

Имараттын бийиктиги 35 метр болсо, анын мунарасы 69 метрге жеткендиктен, өрт өчүрүүчүлөрдүн техникасы чиркөөнүн чокусуна жеткен жок.

Францияда өрт боюнча тергөө ишинде чиркөөгө атайлап өрт коюлганы тууралуу далилдер жок.

Бул тууралуу 16-апрелде Париждин прокурору Реми Хейц билдирди. Анын айтымында, өрт кокустан тутанган болушу мүмкүн деген версия каралууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты