Жээнбеков Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрткө байланыштуу Эммануэль Макронго көңүл айтты

  • 5 лет мурун

Президенти Сооронбай Жээнбеков Париждеги Кудай Эне чиркөөсүндөгү өрт кырсыгына байланыштуу бүгүн, 16-апрелде, Франция Президенти Эммануэль Макронго көңүл айтты.

«Нотр-Дам — дүйнөлүк маданий мураска айланган ыйык чиркөө.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан, Париж жана Франция туш болгон эбегейсиз чоң жоготууга байланыштуу жалпы француз элине терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жеткирип коюуну өтүнөм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Айта кетсек, Париждеги эң ири Нотр-Дам чиркөөсүндө 16-апрелде өрт кырсыгы болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты