Жардан кулаган киши табылды
- 5 лет мурун
Жалал-Абадда жардан жардан кишини куткаруучулар эки күн издеп, бүгүн, 16-апрелде, аман-эсен абалда табышты.
Ноокен районунун Тоскоол айылында, Алаш тоосунда, М.И. аттуу киши жардан кулап кеткендиги тууралуу маалымат 15-апрелде 23:25 те түшкөн.
Жардан кулаган М.И. 1978-жылы туулган.
Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнүн куткаруучулары саат 02:40 ка чейин издеп табышкан эмес.
Бүгүн, 16-апрелде Ноокен райондук куткаруучулары тарабынан таңкы саат 06:15те улантып издеп, саат 07:40та жабырлануучуну табышкан.
Куткаруучулар жардан кулаган жаранды тоодон алып түшүп, саат 10:00 дө туугандарынын колуна салып беришти. Анын абалы канааттандыраарлык. Бутун гана кокустатып алган.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү