​11-апрелде Мурат Суталиновдун кан басымы абдан көтөрүлдү

  • 5 лет мурун

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 11-апрелде Мурат Суталиновдун кан басымы өтө жогорулап, гипертониялык криз болгонун белгиледи.

Буга чейин 15-апрелде Бишкек шаардык сотунда Мурат Суталиновду мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча сот отуруму Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрүнүн сотко келбей калганынан жылдырылды деген маалыматты четке какты.

Жаза аткаруу мамлееттик кызматы Мурат Суталиновдун 2019-жылды 1-апрелинен бери онкологиялык ооруканадан дарыланып жатканын билдирди.

Улуттук онкология борбору 11-апрелде Суталиновду сотко алып барууга мүмкүн эместигин, анын басымы жогору экенин билдирген.

Эскерте кетсек, Улуттук Коопсуздук Комитетинин экс-жетекчиси Мурат Суталинов 2010-жылдын Апрель окуялары боюнча айыпталып, 25 жылга эркинен ажыратылган.

Превью сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты