​Жээнбеков менен Меркель ЖМКга билдирүү жасашат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 16- апрелде, Берлинде, Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиянын федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушат.

Сооронбай Жээнбеков менен Ангела Меркель ЖМКга билдирүү жасашат.

Буга чейин, 15-апрелде, мамлекет башчы кыргыз-немис бизнес-форумга катышты, Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөдү, айыл-чарба ишканасына барды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде эки күндүк расмий иш сапары менен Германияга барган.

Ошондой эле 15-апрелде Мюнхен шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы, Бавариянын федералдык жана европалык маселелер, ММК маселелери боюнча мамлекеттик министр Флориан Херманн менен, экономика, өнүгүү жана энергетика мамлекеттик министри, Бавариянын Премьер-министринин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушту. .

Мамлекет башчы ошондой эле Германияда иштеп жаткан кыргыздар менен жолугушту.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты