​Шашылыш билдирүү! Кыргызстандsн аймактарында катуу жаан жаайт

  • 5 лет мурун

19-20-апрель күндөрү Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты