​Чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр кармалды

  • 5 лет мурун

Мамлекеттик чек ара кызматы Чүй облусунан Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн Казакстандын үч жаранын кармады.

Бул тууралуу Улутттук Коопсуздук комитетинин бама сөз кызматы кабарлады.

Казакстандын жарандары Кыргызстан өткөрмө пунктунан сырткары жерден, Казакстандын аймагынан өтүүгө аракет кылышкан.

Кармалган адамдар УКМК органдарына сотко чейинки өндүрүш жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

2019-жылдын башынан бери өз өлкөсүнөн тыюу салынган 25 тен ашык чет элдик жаран Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Өкмөт тарабынан тышкы мигранттарды каттоонун бирдиктүү системасынын экинчи этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат.

Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты