Мирзиёевдин кызы Өзбекстандын чет өлкөдөгү имиджин көтөрөт

  • 5 лет мурун

Өзбекстан президентинин улуу кызы Саида Мирзиёева Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

12-апрелде өткөн коллегияда президент администрациясынын башчысы агенттиктин жаңы жетекчилигинин курамын тааныштырды. Үч орун басардын бирөө – Өзбекстан президентинин тун кызы Саида Мирзиёева.

Президент Мирзиёевдин кызы чет өлкөдө “Өзбекстандын имиджин калыптандыруу” үчүн жооптуу болот. Ал агенттик менен мамлекеттик органдардын маалымат кызматтарынын ишин дагы жөнгө салат.

Буга чейин өзбек басылмалары президенттин кенже кызы Шахноза Мирзиёева Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси экенин жазышкан. Өзбекстан президентинин расмий өмүр баянында анын аялы, эки кызы, бир уулу жана беш небереси бар экени айтылат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты