Ашхабадда катуу сел жүрдү (Видео)

  • 5 лет мурун

13-апрелде нөшөрлөп жааган жаан селге айланып, Ашхабад шаарын кайрадан сел каптады.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы ташкын Юбилей көчөсүн каптап, автоунааларды агызганын билдирди.

Шаарда Интернет байланышы начарлады. Азырынча буга сел себеп болгону же бийлик атайын чектеп жатканы белгисиз.

«Turkmen.news» соцтармактардагы баракчасына сел каптаган шаардан тасмаларды жайгаштырды. Алардын биринен суу каптаган жолду кесип өтүүгө аракет кылган эки келинди сел агызып баратканын, аларга башка бир эркек адам жардам берип, алып чыкканын көрүүгө болот.

Мир-4 кичи районунда сел соода борборлорунун жана турак жайлардын жер төлөлөрүн каптаган.

Шаардын түштүк бөлүгү суу алдында калды.

Селден Ашхабаддан 140 чакырым аралыкта жайгашкан Каахкин району катуу жабыркаганы кабарланууда. Ташкын Ашхабад менен байланыштырган негизги жолду жаап салган.

Мындай сел Ашхабадда жыл сайын жаз мезгилинде болуп турат. Былтыр май айында да шаардын дээрлик бардык аймагын суу каптаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты