​Судьялар Эрнис Чоткараев, Назымбек Матраимов, Абдрасул Шамшиев кызматынан бошотулду

  • 5 лет мурун

Судьялар Эрнис Чоткараев, Назымбек Матраимов, Абдрасул Шамшиев кызматынан бошотулду.

Соттор кеңеши Ош облустук сотунун судьялары Абдрасул Шамшиев, Назымбек Матраимовдун өз каалоосу менен, ал эми Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Эрнис Чоткараевдин кызматтык кынтыксыздык талаптарын бузгандыгы үчүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Бүгүн, 13-апрелде, жогоруда аты аталган судьялардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол койду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты