​Жээнбеков келерки дүйшөмбүдө Германияга сапарга аттанат

  • 5 лет мурун

Сооронба Жээнбеков Германияда Франк-Вальтер Штайнмайер жана Ангела Меркель менен жолугушат

Дүйшөмбүдө, 15-16-апрелде Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга расмий сапарга барат.

Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, спардын алкагында Германия Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия федералдык канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары божомолдонууда.

Мындан тышкары, бизнес-форум өткөрүү жана Сооронбай Жээнбековдун Х.Зайдель атындагы Фонддо сөз сүйлөөсү божомолдонууда.

Ошондой эле ишкерлер биримдиги менен бирге Мюнхенде бизнес-форум болот.

Расмий сапардын алкагында документтердин чоң топтомуна кол коюу тш-чаралары каралган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты