​Сот департаментинин эки кызматкеринин диплому жасалма болуп чыкты

  • 5 лет мурун

Башкы прокуратура Сот департаментинин иштеп жаткан жана кызматтан кеткен кызматкерлеринин экөө жасалма диплом алып жүргөндүгүн аныктады.

Сот департаментинин башкы адиси Г.Д. жогорку окуу жайынын бирин бүткөндүгү, магистр даражасына ээ болгондогу тууралуу дипломун көтсөткөн. Билим берүү министрлиги анын диплому жасалма экенин билдирген.

Ошондой эле мурдагы башкы адис, сот жыйынынын катчысы жана соттун жардамчысы, бакалавр даражасын алган Ч.А. нын диплому да жасалма болуп чыккан.

Бул материалдар Баш прокуратура тарабынан аныкталып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ал боюнча сотко чейинки иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты