​Назарбаев Коопсуздук Кеңеш жыйынын өткөрдү

  • 5 лет мурун

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 10-апрелде Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Ал негизинен Казакстандагы соңку саясий өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылды.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

“Коомчулукта тынчсыздануу, өкүнүү, үмүт жана күтүү бар. Мен баарыңарды тынчтандыруу үчүн айткым келет, иштелип чыккан багыт улантылат, мен бул жердемин, биз баарыбыз мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн иштейбиз”, — деди ал.

Назарбаев убактылуу президент Токаев Конституцияга ылайык шайлоо күнүн жарыялаганын, бул чечим туура экенин билдирди.

Бир күн мурда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөөрүн жарыялаган.

78 жаштагы Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин өмүрүнүн акырына чейин жетектейт. Анын «эл башы» деген макамы өзүн жана үй-бүлөсүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты