​Кытайда инвестиция жана соода форуму өттү

  • 5 лет мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Чжэнчжоу шаарында XIII Кытай инвестиция жана соода боюнча эл аралык форумуна катышты, -деп билдирди Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы.

Бороновдун пикиринде, «Бир алкак – бир жол» демилгеси эмгек жана кооперациянын аймактык бөлүштүрүлүшүнө, эл аралык бизнес жана инвестиция, соода жана тейлөөнү өнүктүрүүгө катышуу жана ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө жаңы мүмкүндүктөрдү берет.

«Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан үчүн, бул деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Буга катар аталган долбоор алкагында жогорку технологиялык логистикалык борборлорду куруу жана биргелешкен электрондук сооданы өнүктүрүү келечеги бар.

XXI кылымда электрондук коммерция Улуу Жибек Жолундагы сооданы да өнүктүрүүнүн инструменти катары саналат. Электрондук коммерция кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө жол ачат, бул чакан экономикага ээ болгон өлкөлөр үчүн абдан маанилүү саналат», — деп билдирди биринчи вице-премьер.

Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты