​Фарид Ниязов Толгонай Стамалиеванын интернет-постуна жооп берди (Толук тексти)

Президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын жетекчиси Фарид Ниязов Президент Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын кечээ, 9-апрелде, жазган интернет постуна жооп берди.

Фарид Ниязов буларга токтолду:

—Мындай ачык мактанычты, кайсы бир «кызыл шапкечен кыз» («Красная шапочка!) Сооронбай Жээнбековдун бүткүл үгүт кампаниясын баатырдык менен алдыга алып чыкты дегенди, анын үстүнө, анын «шайлоо штабы Жээнбековго кыянатчылык кылган чакта» дегенин да комментарийлебей эле коёюн.

Толгонай Турдалиевнанын жеке таарынычын да, майда-барат ич күптүсүн да айтпайын.

Президенттин маалымат катчысынын эмоциялуу, кокуйлаган интернет-постунда көңүл бурчу эки жагдай бар: Бул Сооронбай Шариповичтин Алмазбек Атамбаевдин эркине каршы президент болуп калганы жана саткындык деп эмнени айтабыз дегендери тууралуу.

Маалымат катчынын интернет-постун мен Сооронбай Шариповичтин жүрүш-турушун актоо катары карайм. Бул— президентке жакын кишинин коомчулукту саткындык темасынан алаксытып кетүүгө аракети. Кандай гана болбосун, фактыларды бурмалап болобу, иши кылып, бул темадан алыстатып кетүү. Ошондуктан ирети менен айтайын.

«Атамбаев башка саясатчыларды да колдогон» дегени боюнча

Алмазбек Атамбаевдин саясий кеңешчиси жана КСДПнын мурдагы жетекчиси катары мен так билем, Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 2016-жылдын башында эле КСДПдан эң негизги талапкер катары эсептелген.

Ошондуктан ырааттуу түрдө ал жетекчи кызматтарга көтөрүлө баштаган, КСДП өкүлү катары Премьер-министр болгон.

Ооба, президентикке талапкер катары партиянын ичинде көп талаш-тартыштар жүргөн, андай тандоого нааразылар да көп эле. Бирок биз партиялаштарды КСДП элди бириктирет дегенди башкы себеп катары карайлы деп көндүргөнбүз.

Ал эми үгүт учуруна келсек, баары биздин штабды административдик ресурсту колдонду деп сындап жатышканы элдин эсинде болуш керек. Ал кездеги Президент Атамбаевди башка талапкердерди кескин сындан жатат деп күнөөлөшкөн, анын ичинде Бабановду да. Ал Жээнбековду ачык эле алга сүрөп жатат дешкен.

Алмазбек Атамбаевдин Нурсултан Назарбаев менен мамилеси Казакстандын башчысынын Өмүрбек Бабанов менен жолугушуусунан кийин бузулган. Кыргызстан анда коңшу өлкөнүн биздин ички саясатыбызга, президенттик шайлоого кийлигишип жатканына каршы болгон. Бул жаңжал Бабановдун рейтингине каршы ойноп, тескерисинче С.Ш. Жээнбековго упай алып келген.

Ооба, бүгүн эл А. Ш. Атамбаевди сындаса, анын «Бабановду кууп жиберип», «Жээнбековду алып келгени» үчүн сындап жатышат.

«Жээнбековду Өкмөт башчылыктан кетирип, ишенбөөчүлүк көрсөткөн» дегени боюнча

Сооронбай Жээнбековдун башкы стратегиялык багыты—анын «Атамбаевдин курсун улантуучу» жана «ири мамлекетчил (государственник) » экендиги катары көрсөтүү болчу. Бирок бул жетишсиздик кылмак.

Жоопкерчилик менен айтып коёюн. С. Исаковдун премьер дайындалышы С. Жээнбековго президент болууга абдан чоң жардам болгон. Штабдын мурдагы кызматкерлерине айтып коёюн, социологиялык сурамжылоодо биздин талапкер көпкө чейин Ө. Бабановдон көп жагынан утулуп келаткан, анын ичинен «чынчылдыгы» жана «дурус, ак ниет адамдыгы боюнча да.

Тлаапкер С. Жээнбековго 2016-2017-жылдардагы «реформага» коомдун талабы да каршы келген. Эл жаш талапкерге, Өмүрбек Токтогуловичке окшогондорго суусап турган.

С. Жээнбековдун жеңиши үчүн биздин команданы жаш премьер, технократ Сапар Исаков менен күчтөндүрүш керектиги ачык болду. Сооронбай Жээнбеков менен жаш технократ Сапар Исаков иш жүзүндө тандем болушту. Ал эми премьердин «Таза коом» программасы реформадан үмүттөнүүнүн эң бир туура жообу болду жана бул Бабановдун шайлоо алдындагы программасына атаандаштыкты түзө алды.

«Экс-президент мен аркылуу Жээнбековго Минскиде ОДКБнын саммитинде эки тараптуу жолугушууну өткөрбөш керек деп айтканы

Алмазбек Шаршенович ал жолугушууга абдан кубанган. Анткени Нурсултан Абишевич менен мамиле Ө. Бабановго шайлоодо ашыкча артыкчылык бербеш үчүн гана бузулуп калган.

Бул акылга сыйбаган көрүнүш. Сооронбай Шариповичтин Минскиде Казакстандын башчысы менен жолугушу чек арадагы абалдын жөнгө салмак. Биз баарыбыз анда (2017 –жылдын октябрь-ноябрында) кыргыз-казак чек арасындагы жаңжал С. Жээнбековдун Н. Назарбаев менен биринчи жолугушуусунда эле жөнгө салынат деген ишенимде болгонбуз.

Эскерте кетсем, чек арадагы мамилени жөнгө салууда ал учурда Казакстан Кыргызстандан кем эмес кызыкдар болгон. Ал учурда Казакстанда ички кризис коркунучу бар эле. Атамбаевдин Назарбаевди сындашы казак коомчулугунда, казак интернет сегментинде олуттуу толкунду пайда кылып жаткан. Мындай абалда кыргыз тарап Минскиде татыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салыш керек болчу. Ал учурда Сооронбай Шарипович менен Алмазбек Шаршеновичтин ортосунда пикир алышуу болгонун билем.

Ал эми Президенттин маалымат катчысы айткандай, алардын мамилесиндеги саткынчылык темасы, алда канча кийин пайда болгон. Маалымат катчынын көйгөйдү, саткынчылыкты берки жээкке оодара салышы, жакшы көрүнүш эмес, -деп жооп берди Фарид Ниязов.

(Ниязовдун жообунун орус тилинен котормосу—«ПолитКлиниканыкы»).

Толгонай Стамалиеванын интернет-посту бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты