​Трамп: «Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды колдоодо аймактагы лидер»

  • 5 лет мурун

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанды демократиялык баалуулуктарды колдоодо аймактагы лидер деп тааныйт.

Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Кыргызстандын АКШдагы жаңы элчиси Болот Отунбаевдин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып айтты.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, элчи кыргыз-америкалык мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга, жаңы барак ачууга бардык шарттар жетилгенин белгиледи.

Трамп АКШ жалпы маселелер жана эки тараптуу байланыштар боюнча иштөөгө америкалык тарап даяр экенин айтты.

«Экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана эки мамлекет ортосундагы коммерциялык байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн көрүп жатабыз. Коопсузураак, демократиялуу жана өсүп-өнүккөн жашоону камсыздоого чогуу жардам бере алабыз”, — деди Трамп.

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз Өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Азыр кызматташтык тууралуу келишим долбоору талкууланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты