​Исхак Масалиев: “Парламенттик жаңы коалиция түзүү керек”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 10-апрелде, Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Исхак Масалиев парламентте жаңы коалицияны түзүүнү сунуштады.

Кайрылуу алдында Исхак Масалиев учурдагы саясий абалга баа берип, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликке каршы күрөшү, айылы жакын болуп дүрбөлөң уюштурууга негизи бар экенин жана жаңы парламенттик коалиция түзүү керек экенин айтты.

“Азыркы коалициялык көпчүлүк мыйзамга дал келбейт. Бирок “Республика-Ата журт” фракциясы коштурулган болчу. Бул мыйзамга дал келбейт. Мыйзамга ылайык, коалиция түзүлөт, бирок кошуу деген жок”.

“Коалиция бир жолу түзүлөт, анын курамы өзгөртүлсө. кайра түзүлөт. Сунушум—убакытты созбой, жаңы коалиция түзүлүш керек. СДПКдан тышкары бардык фракция кошулуш керек” деди Апсамат Масалиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты