​Сапар Исаков өзүнө козголгон кылмыш ишин саясий буйрутма деди

  • 5 лет мурун

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши алкагында саясий билдирүү жасады.

Аны КСДП партиясынын басма сөз кызматы жарыя кылды.

Айыпталуучу “Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо маселеси боюнча тергөөнүн жыйынтыгы жана соттук териштирүүлөрдүн башталышы бул кылмыш ишинин жасалмалуулугун, саясый жана буйрутма мүнөздө гана экенин тастыктады” деп билдирди.

Сапар Исаков андан ары өзүнүн жана башка айыпталгандардын күнөөсү болбогонун, кылмыш ишинде далилдер жок экенин белгиледи.

«Мага жана башка адамдарга коюлган айыптоо корутундулары укуктук негиздерден таптакыр куржалак жана саясый популизм менен укуктук түр көрсөткөн «шылуундуктун» аралашмасы болуп саналат» деди Исаков.

Айта кетсек, Бишкек электр борборун модернизациялоо боюнча экс-премьерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, энергетика экс-министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын экс-төрагасы Айбек Калиев, экс-орун басар Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын экс-жетекчиси Салайдин Авазов, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун экс-аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана финансы экс-министри Ольга Лаврова айыпталууда.

Алар Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен келишим түзүү жана андан мамлекетке келтирилген 111 млн доллардан ашуун каражат зыян келтирилди деген кылмыш иши боюнча айыпталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты