Сейтек Качкынбай, саясат таануучу: “КСДПны Атамбаевден ала алышпайт”

Саясат таануучу Сейтек Качкынбай Кыргызстанда болуп жаткан соңку саясий окуялар боюнча өз пикирин билдирди.

—Кыргызстан социал-демократтар партиясынын экиге бөлүнүп сьезд өткөргөнүн кандай түшүнсө болот?

—КСДП партиясы экиге бөлүндү. Юридикалык жактан алып караганда партия Алмазбек Атамбаевдин колунда калды.

Бизде партиялар жөнүндөгү мыйзам чийки экен. Парламенттик башкаруудагы башка өлкөлөрдү алып карасак, парламенттик коалициядагы партиянын төрагасы сырттагы киши боло албайт. Башкача айтканда парламенттик коалициядагы депутаттардын бирөө төрага болот экен.

Биздеги партиялар жөнүндөгү мыйзамдын чийкилигинен, Жогорку Кеңештеги фракцияда жок киши партиянын ээси болуп калды.

Атамбаев өзү деле айткандай, бай десе бай, убагында министр, президент, оппозицияда болду, тарыхый миссиясын аткарды. Эми президенттиктен кеткенден кийин сыйы менен эле жүрө берсе болмок.

Бир фонд ачып алып, жаштарга үлгү болуп, саясий маданияттуулукту калыптандырып, жаштар менен иштеп, саясаттан кетип калса болмок.

Юридикалык жактан алып караганда, Атамбаевдин колундагы КСДП мыйзамдуу болуп жатат. Эми аны беркилер ала алышпайт го.

—Атамбаев баштаган КСДП партиясы жаңы саясий кеңешти түздү. Анын курамына кандай баа бересиз?

—Бул партия өзүн оппозиция деп жарыялады. Өздөрүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, партияга кирип, шайланып отурушат. Моралдык жактан караганда суроолор пайда болушу мүмкүн. Ал жагына мен эмес, өздөрү жооп бергени жакшы.

—Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) штабы болгон «Медиа форумда» Апрель революциясы эскерилип, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликти сынга алды. Ошол билдирүүлөргө кандай баа бере аласыз?


Сейтек Качкынбай, саясат таануучу: “КСДПны Атамбаевден ала алышпайт”

—Анда айтылгандарга таптакыр макул эмесмин. Өзүбүз дагы салыштырышыбыз керек да. Сооронбай Жээнбековдун президенттикке келгенине бир жарым гана жыл болду. “Бакиевдердей болуп кетти” деген айыптоосу болбогон салыштыруу.

ЖЭБ боюнча сот иштери жүрүп жатат, акыркы чечим чыга элек. Авария болуп, элдин жылуулуксуз калганы чын. Эсиңиздерде болсо, Курманбек Бакиевдин учурунда беш депутатты атып кетишкен. Канчалаган коомдук ишмерлер, журналисттер өлтүрүлгөн, майып болуп калгандар да болгон.

Ошол эле Атамбаевдин учурунда Текебаев сыяктуу саясий оппоненттери камалып отурат. Канчалаган журналисттерге кылмыш иши козголуп, миллиондогон сомдорго жыгылышты. Ага салыштырганда акыркы бир жарым жылда эч нерсе деле болгон жок го.

Учурдагы президенттин жалгыз кемчилиги радикалдуу реформаларды жасай албай жатат. Бийликти алган боюнча турат.

Коррупция боюнча кылмыш иштери козголду. Бирок, көзгө көрүнөрлүк реформалар баштала элек. Эгерде ушул боюнча тура берсе, убакыт учурдагы бийликке каршы жүрөт. Жакшы демилге көтөрө алган команда керек.

—Кыргызстандагы саясий кырдаал кандай нукта жүрүшү мүмкүн?

—“Эки ай убакыт беребиз, болбосо митингге чыгабыз” деп жатышат. Реалдуу алып караганда, Акаевдин учурунда, 2002-2005-жылдары эл тажап, кыжырданып калган. Андан кийин Бакиевдин учурунда дагы көп кишилер каза болуп, эл иренжип калган. Республикалык деңгээлде толкундоолор болуп, массалык нааразычылык күчөгөн.

Азыр андай массалык нааразычылыкты байкагн жокмун. Атамбаевдин эле анча-мынча талапкерлери болбосо, “дүрбөлөң түшүп, революция болуп кетет” деп айтуу кыйын.

Эгерде бийлик ушул темпте тура берсе, анда “булардын колунан эч нерсе келбейт экен” деп ишеним азаят. Анда убакыт буларга карата каршы иштейт.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты