​Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү кандай өттү?

  • 5 лет мурун

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган Өкмөттүк делегацияк атышкан 4-6-апрелде Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жыйыны кандай өткөндүгүн КР Өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Тажикстан делегациясын Премьер-министр Азим Иброхим жетектеген.

Жыйындын жүрүшүндө кыргыз-тажик чек арасынын калган участкаларынын долбоордук сызыктарын түшүрүүнү улантуу, чек ара тилкесинде камтылган жана ар кай жерде жайгашкан участкаларды жоюу максатында өлкөлөр ортосунда жер участкалары менен алмашуу жана мамлекеттик чек аранын биргелешкен тилкелеринде туруктуулукту камсыздоо, ошондой эле ири масштабдуу делимитациялык топографиялык карталарды түзүүнү аяктоо маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жыйындын Протоколуна кол коюлду.

Тараптар өз ара пайдалуу негизде тажик-кыргыз мамлекеттик чек ара сызыктарын аяктоого даярдык билдиришти, бул чектеш аймактардагы туруктуулуктун жана коңшулаштыктын кепилдиги болот.

Сүрөт: Өкмөтnүн маалыматтык камсыздоо кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты