​Дүйшөмбү шаарында чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өттү

  • 5 лет мурун

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны 6-апрелдин кечинде аяктады.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана тажикстандык кесиптеши Азим Иброхим жетектеген эки өлкөнүн расмий делегацияларынын жолугушуусу жабык өтүп, жалаыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.

Жыйындан кийин Азим Иброхим чек ара меселелерин чечүүдө «бир аз жылыштар» бар экенин айтып, жолугушуу жакшы атмосферада өткөнүн белгиледи.

Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары тууралуу журналисттерге кийинчерээк маалымат бериле турганын билдирип, башка комментарий берүүдөн баш тартты.

Өз кезегинде Жеңиш Разаков дагы тажик жеринде мейман экенин айтып, сүйлөшүүлөр боюнча комментарий берген жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты