Ош облусунда жер титиреди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-апрелде саат 11:33 тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Өзгөн районунун Чалк-Өйдө айылында, Кара-Суу районунун Жулгур айылында 4 балл, Өзгөндүн Шамал-Терек, Эркин-Тоо, Саламалик айылдарында 3,5 балл, Мырза-Аке, Кандава айылдарында жана Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Муну бөлүшүү