​Казакстан товар ташууда ЕАЭБ эрежелерин сактоону талап кыларын билдирди

  • 5 лет мурун

Казакстандын бийлиги Кыргыз Өкмөтүнө жооп катары Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мыйзамдарын сактоо менен бирге эле товар ташууда эрежелердин сакталышын да талап кыларын билдирди.

Өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов бул тууралуу 5-апрелдеги басма сөз жыйынында айтты.

Рахимов кыйыр салыкты төлөө боюнча маселе бар экенин билдирди:

“Мисалы товарлар транзит менен Кыргызстандан Россияга кетет делет. Бирок ал товарлар толугу менен эле биздин базарларда калып калат. Ошондуктан кыйыр салык алуу маселеси калууда.

Экинчи маселе-товардын транспорттук документтерине байланыштуу. Документтерде товардын бир саны, баасы, көлөмү көрсөтүлөт, иш жүзүндө башка болуп чыгат. Башкача айтканда товардын баасы төмөндөтүлүп көрсөтүлөт.

Ошондой эле товардын баасы боюнча да көп суроолор бар. Кетип жаткан товар көрсөтүлбөй эле, ЕАЭБ боюнча жеткирилип жаткан товарлар көрсөтүлүп жатабы деген кооптонуу бар ” деди Рахимов.

Ошого байланыштуу Кыргызстан менен чек арада 27-марттан баштап көзөмөл иш-чаралары күчөтүлдү деди казак тарап.

“Ошол күндөн 4-апрелге чейин 1080 машина чек арадан өткөнү келсе, 114 машина көзөмөлдөн качып, кайрылып кеткен. Бул товар менен жүктүн дал келбегенин моюнга алышканы” деди Куат Рахимов.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев “Биз Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз.

Мен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен үч ирет сүйлөштүм. Кыргыз Республикасынын делегациясы Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана биз макулдашууларга жетиштик, алардын натыйжасын жакынкы күндөрү көрөбүз. Биз келишимдердин аткарылышына жетишүүгө аракет көрөбүз” деген Абылгазиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты