​«Коопсуз шаар»: 15 күндө 20 млн ашуун айып пул төлөнгөн

  • 5 лет мурун

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилген соң жол кырсыктарынан жабыркагандардын саны өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,4% кыскарды.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Анын маалыматы боюнча, жол кыймылынын эрежелерин бузгандардын саны 37,5% кыскарган, 38 миң 385 тийиштүү протокол толтурулган. 40 миң 586 тартип бузуу катталган. 15 күндүн ичинде 20 млн 202 миң сом суммасында төлөнгөн.

Премьер-министр белгилегендей, долбоорду ишке ашыруунун максаты айып пулдун эсебинен көп каражат жыйноо эмес, жарандардын – жол коопсуздугун камсыздоо жана адам өмүрлөрүн сактоо болуп саналат.

Анын айтымында, айып пулдарды төлөөдөн түшкөн каражаттардын бөлүгүн тез жардам кызматтарынын техникалык абалын жакшыртууга жумшоо зарыл.

«2019-жылдын 20-апрелине чейин «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын ишке ашыруу башталат жана жыл аягына чейин бардык ири шаарларда жана трассаларда видеобайкоо камералары орнотулмакчы, – деди Абылгазиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты