Абылгазиев: “Биз Евразия экономикалык бирикмесинин келишимдеринин аткарылышын талап кылабыз”

  • 5 лет мурун

“Биз Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз” деп билдирди Өкмөттүн бүгүнкү, 5-апрелдеги, жыйынында премьер-министр Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрмө-көзөмөл жайындагы кырдаал тууралуу айтты.

«Биз Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кол коюлган келишимдердин аткарылышын талап кылабыз. Мен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен үч ирет сүйлөштүм. Кыргыз Республикасынын делегациясы Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана биз макулдашууларга жетиштик, алардын натыйжасын жакынкы күндөрү көрөбүз. Биз келишимдердин аткарылышына жетишүүгө аракет көрөбүз.

Өкмөттүн аракетсиздиги тууралуу айтып жаткандарга түшүндүрө кетсем, экономикалык мүнөздөгү маселелер бар, аларды чечүү конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жана дыкат ойлонулган мамилени талап кылат», – деп баса көрсөттү Абылгазиев.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.

Айта кетсек, кыргыз-казак чек ара бекеттериндеги унаалардын топтолуусуна Казакстан тараптан кылдат текшерүү себеп болуп жатат деп маалымдайт Кыргызстандын чек ара кызматы.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-мартта тарта пайда болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты