​Казак-өзбек чек арасында жүк ташуучу унаалар өтө албай турат

  • 5 лет мурун

Түркстан облусундагы казак-өзбек чек арасынын “Казыгурт” бажы бекетинде 150дөй жүк ташуучу унаа өтө албай, бир нече күндөн бери кезекте турат.

Түркстан облустук мамлекеттик киреше департаментинин өкүлү Марат Кулекеев “Казыгурт” бажы бекетинде жүк ташуучу унаалар жай өткөрүлүп жатканын тастыктады.

Анын айтымында, Казакстандан Өзбекстанга күнүнө жүздөй машине өтүп жатат. 150дөй автотранспорт кезекте турат.

Кулекеев унаа тыгындарын Өзбекстандагы автожолдорду оңдоо иштери менен байланыштырды.

Бул арада кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде Казакстанга өтүш үчүн кезекте турган оор жүк ташуучу автоунаалар азая элек. Тыгын 19-мартта башталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты