47-колонияда бунт чыктыбы? Жаза аткаруу кызматынын жообу

  • 5 лет мурун

Бишкектеги №47 колонияда жаза өтөп жаткандар бунт чыгарганын социалдык тармактардагы баракчалар жазып чыкты. Ал маалыматтарда абактагыларга берилген азык-түлүктөр толук жетпей жатканы, колониянын короосун жаза аткаруу кызматынын азыркы жетекчиси Мелис Турганбаев атайын кичирейтип, өзү бизнес куруп баштаганы, буга нааразы болгон камактагылар ооздорун тиккенге даяр болуп калганы тууралуу жазылган.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат кызматы, расмий түрдө бул маалыматты жокко чыгарды.

«Социалдык тармактагы баракчалар атайын провокация жасоо максатында ушундай маалыматтарды таратып жатат. Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев бүгүн эле 3-колонияны, №1 СИЗОну кыдырып келди, абал тынч, эч кандай бунт чыккан жок. Турганбаевдин бизнес куруп жатканы дагы чындыкка туура келбеген маалымат» деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты