​УКМК: Калиевдин жактоочусу коомчулукту адаштырып жатат

  • 5 лет мурун

Улуттук коопсуздук комитети ЖЭБдеги коррупция боюнча айыпталып жаткан Айбек Калиевдин жактоочусунун Жылуулук электр борборундагы кырсыктын чыныгы себептери бурмаланып жаткандыгы тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Калиевдин адвокатынын басма сөз жыйынында айткандары кылмыш ишине саясий боёк берүү, коомчулукту адаштыруу жана сотко басым кылуу катары бааланган.

ЖЭБ боюнча айыпталып жаткан Айбек Калиевдин жактоочусу Бакыт Жумашев кырсыктын чыныгы себептери тууралуу маалымат бурмаланып, анык күнөөсү барлардын жоопкерчилиги каралбай жатканын 3-апрелдеги басма сөз жыйынында билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты