​Президент Жээнбеков биринин атын Сооронбай койгон төрт эм наристеге турак-жайга сертификат тартуулады

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 4-апрелде Президент Сооронбай Жээнбековдун атынан Бишкек шаарындагы перинаталдык борбордон төрөлгөн 4 эм ымыркайга, аларлын апасы Рысмат кызы Нурайымга белек тапшырылды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Наристелерге Сооронбай, Арууке, Акчолпон, Акбермет деген ысымдар ыйгарылган.

Мамлекет башчы жаш үй-бүлөгө турак жай алуу үчүн 2 млн. сомго сертификат жана 2 орундуу 2 коляска берди.

Президенттин атынан белектти президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев тапшырды.

Мындан тышкары, Өкмөтжаш үй-бүлө муктаждыктарына 150 миң сом бөлүнүп берилди.

Айта кетсек, бөбөктөр 31-32 жумалык болуп, биринчиси 1 кг 470 г салмакта (кыз), экинчиси 1 кг 400 г (кыз), үчүнчүсү 1 кг 705 г салмакта (эркек), төртүнчүсү 1 кг 420 г (кыз) болуп төрөлгөн.
Ымыркайлар биринчи 10 күндө оор абалда болуп, атайын респиратордук аппараттын жардамы менен дем алышып жатышкан.

Ымыркайлар дарыгерлердин үзгүлтүксүз кароосунда болушкан.

Эске салсак, 2019-жылдын 25-февралында Бишкек шаардык перинаталдык борборунда Азамат Сманов жана Рысмат кызы Нурайымдын үй-бүлөсүндө ай-күнүнө жетпей 4 эм (3 кыз, 1 уул) жарыкка келген. Жубайлар 3 жылдан бери Бишкек шаарында батирде жашап келишкен.
Дарыгерлердин айтымында, Рысмат кызы Нурайым Бишкек шаарында жайгашкан түркиялык «Анкалайф» медициналык борборунда тукумсуздуктан дарыланган. Кош бойлуу кезинде аталган клиникада каттоодо болгон.

Азамат Смановдун билими орто, туруктуу жумушу жок, учурда курулуштардын биринде эмгектенет.

Наристелерге Сооронбай, Арууке, Акчолпон, Акбермет деген ысымдар ыйгарылган.

Аталган иш-чарага КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, КР Президентинин Аппаратынын жарандык өнуктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева жана Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты