Экс-президент ​Алмазбек Атамбаев мечит ачты

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 4-апрелде, Бишкекте 7-кичирайондо мечит ачылды.

Анын ачылышына экс-президент Алмазбек Атамбаев, муфтий Максат Токтомушев, Абдышүкүр Нарматов ж.б. дин ишмерлери, коомчулук катышты.

Мечит “7-апрель шейиттери” деп аталат. Бул— 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун урматына салынган мечит.Ал беш миң кишиге ылайыкташтырылган жана эки гектардан ашык жерди ээлейт.

Мечитти салууга экс-президент Алмазбек Атамбаев өз каражатынан бөлүп берген.

“2010-жылдын 7-апрелинде мен түрмөдө жатып, кудайдан жаш балдарды эмес, мени алсын” деп тиленип жаттым. Кудай буюруп, мен президент болдум. Мен таза иштедим”деди Атамбаев.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты